Бишкек шаарын көрктөндүрүү иштерине 20 миллион сом каралды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Төрөбек Имашов билдирди.
Анын айтымында, жолдорду курууга жана оңдоого 150 миллион сом, шаардын көчө жарыктарын капиталдык оңдоодон өткөзүүгө 20 миллион сом, жол чырактарды сатып алууга жана орнотууга 17,9 миллион сом каралган.
Ошондой эле Төрөбек Имашов 2014-жылы шаардык бюджеттен билим берүүгө 2 миллиард 266 миллион сом каралганын белгилеп өттү. Бул жалпы бюджеттин 32 пайызын түзөт.