Асылбек Жээнбеков Кара-Суу районундагы айылдык кеңештин төрагалары менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 5-мартта Ош облусунун Кара-Суу районундагы 17 айылдык кеңештин төрагалары менен жолугушту.

Жолугушууда Асылбек Жээнбеков парламенттик демократиянын негизги принциптери ачыктык экенин белгилеп, аны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. “Парламенттик демократия азыркы учурда республика турмушунун бардык тармагында орун алган коррупциялык жосундардан тазаланууга зарыл шарттарды түзөт”,- дейт төрага.

Жергиликтүү кеңештердин төрагалары тарабынан Кара-Суу районунун бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөрү айтылды. Мисалы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү суу тазалоочу курулмалардын жоктугун айтышты. Аны чечүү боюнча ишке ашырылуучу тиешелүү долбоорго 5 миллион сом өлчөмүндөгү сумма талап кылынат.

Жыйынга катышкан ЖКнын депутаттары көтөрүлгөн маселелердин чечилишине көмөктөшүүгө убада беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан