Кара-Балта жана Токмок шаарларында жогорку ылдамдыктагы интернет ишке киргизилди. Кыргызстанда муну менен 4 шаар сапаттуу интернет менен камсыз болууда. Буга чейин Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары гана ылдамдыгы жакшы интернетти колдоно алышкан. Бул тууралуу “Кыргызтелеком” ААКынын басма сөз кызматы бүгүн, 5-мартта маалымдады.
Ага ылайык, өткөн жылдын декабрь айында Кара-Балтадагы алгачкы колдонуучу интернетке туташкан. Азыркы тапта 224 порт орнотулуп, 100дөн ашуун колдонуучу иштетип жатат. Бир нече күн мурун Токмок шаарына 670 порт орнотулду. Мындан ары Беловодск жана Аламүдүн айылдарына орнотулгандан кийин интернет менен камсыз кылуу иштери Каракол шаарында башталат.