Анын айтымында, бир мезгилде сатылып кеткен жер аянты төрөт үйүнө тиешелүү экенине карабастан, жеке менчикке берилип кеткен эле. Биргелешкен оорукана соттошуп жатып утуп алып, быйыл ал жерге КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жардамы жана Бүткүл дүйлөнүк банктын каржылоосу менен Перинаталдык борбор ачуу кадамын баштаганы жатышат.
«Борборду куруу боюнча тендер да болуп өткөн. Борбор жалпысынан 4,5 миллион долларга курула турган болду. Мындай борборлор негизи ар бир облуста болушу керек. Республикада биринчи жолу биздин облуста башталганы жатат. Борборду ачуунун зарылдыгы бар. Анткени төрөт үйү 100 орунга гана ылайыкташкан. Бирок акыркы жылдары район-шаарлардан келген кош бойлуулардын саны арбып, орундардын тартыштыгы жаралып келет»,- дейт жетекчи.