Бүгүн, 2014-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.
Ал «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын жоболоруна ылайык келтирүүгө багытталган.
Кабыл алынган мыйзам 120-берененин 2-бөлүгү менен толукталып, ага ылайык, айрым жерлерде өзгөчө кырдаалды киргизүү боюнча президенттин жарлыгын бекитүү же жокко чыгаруу тууралуу маселени Жогорку Кеңеш келип түшкөн учурдан тартып 3 күндөн кечиктирбестен карап чыгып, чечим кабыл алат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.