8-9-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

2014-жылдын 8-9-мартында аба ырайы кескин өзгөрүп, өрөөндөрдө жамгыр жаап, карга айланат. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 9-10-мартта абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15°, айрым жерлерде -20° чейин жетет. Мындай аба ырайы түштүк райондорунун дыйкандары үчүн талаа жумуштарына тоскоолдук жаратып, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан