22-мартта Нью-Йоркто кыргыз жаштары Нооруз майрамына карата Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгышат

Үстүбүздөгү жылдын 22-мартында Нью-Йорк шаарында АКШда окуган жана иштеген жаштар чогулуп, Нооруз майрамына карата Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгышат. Бул тууралуу "Kyrgyz Club" билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай саамалык экинчи ирет уюшулуп жатат. Алгач желек көтөрүп басуу салтанаты өткөн жылы орун алып, ага АКШнын түрдүү шаарларында жашаган кыргызстандыктар катышкан.  

Бул жылы да кыргыздын улуттук кийимдерин кийген жаштар чогулуп, КРнын Гимни Саадат аттуу ырчынын аткаруусунда жаңырат. Ошондой эле Кыргызстандан түрдүү чыгармачыл топтор чакырылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан