"Баткен облусунда, кыргыз-тажик чек арасынын жанында жайгашкан “Самаркандек” базары 8-мартта кайра иштей баштайт" деген маалымат чындыкка туура келбейт. Базар жабылган эмес жана ушул кезге чейин иштеп келген. Бул тууралуу 5-мартта Баткен ОИИББинин өкүлү Дамира Юсупова билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ айрым тажикстандык басылмалар "2014-жылдын 11-январында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам кыргыз тарап чек ара бекеттерин жаап салган. Кыргызстандык жеке ишкерлер “Самаркандек” базарында өз товарларын сата албай калышкан" деп жазып чыгышкан.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 11-январында Баткен облусунун Ак-Сай айылында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, кыргыз тарап Тажикстандын аймагы менен чектешкен чек ара бекеттерин жапкан. Андан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрүнүн ортосунда бир катар жолугушуулар болгон.