Өлкөгө кантты импорттоо боюнча жасалма монополияны жокко чыгаруу зарыл деп эсептейт Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов. Султанов эл аралык конвенцияларга ылайык, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо эң аз дегенде 50-60 пайыз кант продукциясы өлкө аймагында өндүрүлүшү керектигин айтат. Бүгүнкү күндө 14 пайызды гана түзөт.
“Эл аралык рыноктордо кант биржалык товар катары саналып, бүгүнкү күндө 1 тоннасы 420 доллар турат. Ушул себептен улам бул товарды импорттоо пайдалуу. Бирок биржада тоннасы 700 долларды түзгөн убактар дагы болгон. Кыргызстанда, тилекке каршы, баалардын көтөрүлүшүнүн ордун толтурган ички өндүрүшчүлөр жок. Бул факт чоң коркунуч жаратып, канттын баасынын көтөрүлүшүнө, өлкөдөгү социалдык чыңалууга алып келет”,- дейт депутат.