5-мартта президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 29-январында кабыл алынган бул мыйзам “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамынын айрым жоболорун “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын жоболоруна ылайык келтирүүгө багытталган.
Мыйзам 120-берененин 2-бөлүгү менен толукталып, ага ылайык, айрым жерлерде өзгөчө кырдаалды киргизүү боюнча президенттин жарлыгын бекитүү же жокко чыгаруу тууралуу маселени Жогорку Кеңеш келип түшкөн учурдан тартып 3 күндөн кечиктирбестен карап чыгып, чечим кабыл алат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.