Бүгүн, 6-мартта Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагерлери бийликке кайрылуу жасашты.
Кайрылууда Украинада болуп өткөн окуялар Кыргызстандын саясатчыларынын чөйрөсүндө революциялык маанайды туудуруп, кайрадан нааразылык толкундоолорго чакырыктар жаңырып жатканы айтылат.
"Оппозициялык кучтөр биригип, миңдеген адамдардын кырсыгына гана эмес, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алууга алып келүүчү натыйжаларды ойлонбой, өлкөдө бийликти алмаштырууга умтулушууда",- деп жазылат билдирүүдө.
Мындан тышкары күч түзүмдөрүнүн ардагерлери жаңы түзүлгөн оппозициянын лидери Равшан Жээнбековду сынга алышты. "Ал (ред. Р.Жээнбеков) Киевдеги Евромайдандын тажрыйбасын изилдеп, украиналык оппозициянын лидерлери жана алардын чет өлкөлүк демөөрчүлөрү менен жолугушуп жүргөндүгүн жашырбай айтып келүүдө",- дешет ардагерлер.
Өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту сактап калуу максатында бийлик төмөнкү иш-аракеттерди аткарышы керектиги айтылды:
1. Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков жана анын компаниясы сыяктуу айрым депутаттардын аракеттерин кароого киргизип, аларга саясий баа берүү;
2. 2014-жылы нааразылык акцияларды өткөрүүгө мыйзам чегинде мораторий жарыялоо;
3. Өлкөдөгү абалга таасирин тийгизүүчү саясий популизмден, ар кандай жарыялардан, акциялардан баш тартуу;
4. Бийликтин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгы үчүн аткарылган иштер тууралуу бийликтин бардык бутактарынын мезгил-мезгили менен отчёт тапшыруу практикасын киргизүү;
5. Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаалдын турукташуусуна чейин бийликтин мыйзам чыгаруу жана аткаруу бутактары үчүн жайкы каникулду жоюу.