Жогорку Кеңешке жаңы депутат болуп келген Алишер
Абдрахманов ант берди
Жогорку Кеңеште
бүгүн, 6-мартта жаңы депутат болуп бекитилген Алишер Абдрахманов ант берди. Аны
төрага Асылбек Жээнбеков куттуктап, иштерине ийгилик каалады. Айта кетсек,
А.Абдрахманов экс-депутат Канатбек Исаевдин ордуна “Республика” партиясынын тизмеси
боюнча депутат болуп келди. К.Исаев жакында Чүй облусунун башчысы болуп
дайындалган.