Ош. Кара-Суу районунда да Ак калпак күнү белгиленди

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата атайын иштелип чыккан план-программанын негизинде Ош облусунун бардык райондорунда жана аймактарында Ак калпак күнү белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта басма сөз катчы Шайлообек Козубаев билдирди.

Ак калпак майрамын өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу районунда тосту. Аталган иш-чарага жалпысынан 4 миңден ашуун ак калпак кийген ар улуттун өкүлдөрү, район акими Тилек Матраимовмиграция жана жаштар министринин райондук өкүлдөрү жана жетекчилер катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл С.Жээнбеков бардык катышуучуларды Ак калпак күнү менен куттуктап: “Ак калпак - эзелтеден келе жаткан кыргыздын улуттук баш кийими. Мына бүгүн да улутуна карабастан, баарыңыздар калпак кийип турасыздар. Бул да болсо биздин биримдигибиздин жана ынтымагыбыздын бекемдиги, мамлекеттик жана улуттук символикаларга болгон жогорку сый- урматыбыз”,- деп айтты.

Куттуктоо сөздөрдөн кийин салтанаттын катышуучуларына атайын концерттик программа тартууланды.

Ушундай эле иш-чаралар облустун бардык райондук жана аймактык борборлорунда болуп өттү. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан