“Мага көптөгөн жарандар кайрылууда. Бул кишинин телеканалдардын биринде автордук бир көрсөтүүсү бар экен. Мектептерге барып жаштар менен ыйман, тарбия, мамилелер боюнча сүйлөшөт. Бир көрсөтүүдө Өзүбек ажы Чотонов кыздарды 14 жаштан турмушка чыгууга чакырыптыр. Бир кыз “14 жаштан турмушка чыгууга эрте, биз билим алышыбыз керек” десе, ажы “Силер кандай билим алмак элеңер? Силер сулуулугуңар үчүн карасаңар болду, күйөөңөрдү ата-энеңер тандашы керек, анткени алардын тажрыйбасы көп” деп айтыптыр. Анын мындай сөздөрү педофилдик чакырык, мыйзамды бузууга чакырык. 21-кылымда жашап жатып мындай караңгы чакырыктарга жол бербешибиз керек”,- деди депутат.