Турсунбай Бакир уулу “чек ара маселесин чечүүгө кыргыз-тажик президенттери кийлигишүүсү керек” деди

ЖКнын 6-марттагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу “азыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолугушуусу зарыл” деп билдирди. Айтымында, чек ара маселесин чечүүгө мамлекет башчылары кийлигишүүсү керек.

“Баткенди атайын облус кылдык, чек ара маселеси боюнча Токон Мамытовду вице-премьер-министр кылдык, бирок жыйынтык болбой жатат. Сочи Олимпиадасы учурунда президентибиз башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушту, бирок коңшу өлкөнүн президенти менен жолугушкан жок. Жолугуп, чек ара маселесин сүйлөшүүсү керек болчу”,- дейт Бакир уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан