Жогорку Кеңештин
6-марттагы жыйынында депутаттар мурунку социалдык өнүгүү министри
Равшан
Сабировду камактан бошотуу керектигин айтышты.
Турсунбай Бакир уулу:
“Комитет
чечим чыгарган, Сабиров туура эмес камалган. Ага коюлган берене Кылмыш
кодексинде жок экен. Муну коалициялык көпчүлүктүн лидери Феликс Кулов, бир катар
депутаттар да айтышты”,- деп билдирди.
Айта кетсек, буга
чейин бул маселени депутат Туратбек Мадылбеков көтөрүп чыккан эле.