Депутаттар “Манас” аэропортун сатуу аракети боюнча өкмөттү сынга алышты

Парламенттин 6-марттагы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев “Манас” Эл аралык аэропортун сатуу аракети үчүн өкмөттү сынга алды. Айтымында, өкмөт аталган аэропортту Орусиянын “Роснефть” компаниясына сатканы жатат.

“Стратегиялык мааниси бар жайларды сатканга болбойт. Өкмөт кантип сатканы жатканын билбейм, “меморандумга кол коюлду” деп айтылып жатат. Алдын ала чара көрөлү, “Кыргызгазды” сатканга окшоп эртең муну да парламентке көтөрүп келип албасын. Стратегиялык жайлардын баарын сатып жиберип, куру эгемендүүлүгүбүздү кучактап отуруп калбайлы”,- дейт Бокоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан