Асылбек Жээнбеков “бийликти каалагандар шайлоого даярданышсын” дейт

“Бийликке келүүнү каалагандар алдыдагы шайлоолорго даярданышсын”,- деп билдирди төрага Асылбек Жээнбеков ЖКнын 6-марттагы жыйынында. Төрага бул сөзүн айрым депутаттардын “укук коргоо органдары Жаштар өкмөтүнө кысым көрсөттү” деген маалыматына жооп берип жатып айтты. 

“Өздөрүнчө эле өкмөт болуп алгандарга парламент же өкмөт жакшы мамиле кылат деген туура эмес. Бардык нерсе мыйзам чегинде чечилиши керек. Бийликке келем десеңер шайлоого даярдангыла. Өкмөткө келем десеңер, анын да өзүнүн жол-жобосу бар. Мыйзам чегинде иштөөгө оппозиция дагы үйрөнүшү керек”,- дейт спикер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан