Урмат Аманбаева: «Баатыр энелерибиздин медалдары Энелер күнүнө карата тапшырылса жакшы болор эле»

Жогорку Кеңештин «Ар түрдүү маселелер» бөлүгүнүн жүрүшүндө депутат Урмат Аманбаева аялдарды, анын ичинде Баатыр энелерди майрамы менен куттуктады. Ошондой эле КР Өкмөтү тарабынан Кыргызстандын Баатыр энелерине тиешелүү көңүл бурулбай жатканына көпчүлүктүн көңүлүн буруу менен көп бала өстүрүп-тарбиялаган энелерге карата камкордук көрүү чараларын жакшыртууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттын айтымында, өткөн жылдары 8 миңден ашуун көп балалуу энеге «Баатыр эне» наамы ыйгарылган. Бирок каражаттын жетишсиздигине шылтоо менен ушул кезге чейин айрым Баатыр энелерге тиешелүү медалдары тапшырыла элек. «КРнын Өкмөтү тезинен каражат таап, Баатыр энелерибиздин медалдары Энелер күнүнө карата тапшырылса жакшы болор эле»,- дейт У.Аманбаева.
Депутат Ирина Карамушкина бизде мындай көйгөй бар экенин белгилөө менен бирге, Баатыр энелерге колдон келишинче колдоо көрсөтүлүп жатканын айтты. «Баатыр энелерге күбөлүк тапшырылган. Ушул тапта 1 миң сом өлчөмүндө кошумча жөлөк пул берилүүдө. Ал эми Баатыр эне медалын тапшыруу маселеси, акыркы маалыматтарга караганда, жакын арада чечилүү алдында турат»,- дейт ал.

Жалпы энелерди Эл аралык аялдар күнү менен куттуктаган депутат Курманбек Дыйканбаев кандай гана болбосун өкмөт каражат таап, энелерге камкордук көрүү чараларын колго алууга тийиш экенин баса белгиледи. «Эне – ыйык, алардын баарына тең мамиле жасалып, сыйлык да, кошумча төлөмдөр да тегиз берилиши керек»,- деди ал. Мындай пикирди депутат Улукбек Кочкоров да колдоду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Энелер күнү ар жылдын 19-майында белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан