“Жаңылыктарынан берип жатат, “Ахматбек Келдибековдун күнөөсү далилденип, иши сотко өттү” деп. Ал эми интернетте “Келдибековдун ден соолугуна байланыштуу тергөө иштери аягына чыга элек” деп жүрөт. Бирөөнү каралоонун да чеги болот да. Келдибеков азыр ден соолугун калыбына келтирүү жайында. Ага байланыштуу дагы бир нерсе чыгарышты. Аны менен лицензия берүү боюнча айыпталган экс-министр Эсенамановдун кандай байланышы бар? Жакында бирөөнүн ичи ооруп калса да Келдибековдон көрө башташат окшойт”,- дейт Мамырова.