“Европа кеңешинин парламенттер аралык ассамблеясына 47 мамлекет мүчө, депутаттардын саны 318. Бирок азырынча алардын катарында Борбордук Азиядан мүчө болгон бир дагы өлкө жок. Кыргызстан ага кошулуу аракетин көрүп жатат. 2011-жылдан бери “Демократия үчүн өнөктөш” программасынын алкагында иштер жүргүзүлө баштады. Эгерде ага Кыргызстан мүчө болуп калса, анда ал уюмдун жылына 4 ирет өткөрүлө турган жыйындарына катышып, европалык парламентаризм тажрыйбаларын үйрөнөбүз”,- дейт Иманалиев.