“Биздин өкмөт жарым-жартылай иштегенди жакшы көрөт. Идея жакшы, бирок мыйзам долбоору чийки. Төлөм алынышы зарыл. Унааларды оор же жеңил деп бөлбөшүбүз керек, баарынан акча алышыбыз кажет. Унааларды жаңы же эски деп бөлүш керек. Анан да түшкөн акчанын 70 пайызы экология тармагына жумшалып, 30 пайызы мамлекеттик бюджетке түшүшү керек”,- деди Исаков.