Мыктыбек Абдылдаев: “Азыр өкмөткө ишенич жок, кимиси уйкудан эрте турса, маселени чечип коюуда”

“Азыр өкмөткө ишенич жок, кимиси уйкудан эрте турса, маселени чечип коюуда”,- деп билдирди 6-марттагы ЖКнын жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев. Депутат бул сөзүн өлкөгө кирген чет элдик унаалар үчүн төлөм алуу боюнча өкмөттүн мыйзам долбоору каралып жатканда айтты.

“Мурда өкмөт өкүлдөрү “50 сом көп, өлкөгө туристтер келбей коёт” деп Ысык-Көлдөгү экологиялык постту алып салышты эле. Мен системди түшүнбөйм да. Бир киргизесиңер, кайра алып саласыңар. Эртең туристтик сезон башталганда да "туристтер келбей калды" деп бул төлөмдү алып салбайсыңарбы? Азыр ишенич жок, кимиси эрте турса, маселени чечип коюуда”,- деди Абдылдаев.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери андай болбой турганын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан