Путин "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлдү

Орусиянын президенти Владимир Путин "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ослодогу Нобель институтунун башчысы Гейр Лундестад маалымдаганын бүгүн, 6-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, быйыл "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлгөн саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин саны рекорддук көрсөткүчкө, тагыраак айтканда, 278 адамга жетти. Алардын арасында Американын Атайын кызматынын экс-кызматкери Эдвард Сноуден менен Рим Папасы Франциск да бар. 

Лауреаттын аты үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын экинчи аптасында белгилүү болот. Ал эми сыйлыктарды тапшыруу аземи Осло шаарында 10-декабрда динамитти ойлоп чыккан швед окумуштуусу Альфред Нобелдин өлгөн күнүндө салтанаттуу түрдө тапшырылат. Жеңүүчү 1 миллион 240 миң АКШ долларына ээ болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан