4-5-март күндөрү өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурдин Абдылдаев жетектеген министрликтин жетекчилиги Жалал-Абад облусунун Аксы районуна иш сапары менен барышып, жаз-жай айларында сел жүрүү коркунучу бар, кооптуу аймактарды жеринен көрүштү. Бул тууралуу 6-мартта ӨКМнын Ош шаарындагы басма сөз катчысы Ыкыбал Абдираимова билдирди.
Аксы району боюнча кооптуу деп аталган жайларда жашагандардын жалпы cаны - 698 үй-бүлө, анын ичинен коопсуз жайларга көчүрүлгөнү - 460 үй-бүлө. Ал эми кооптуу жайлардан көчүп чыга электердин жалпы саны - 238 үй-бүлө. Аталган 238 үй-бүлөнүн ичинен 191 үй-бүлө мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдетилген ссудаларын толугу менен албагандыгына байланыштуу коопсуз жайларга көчүп чыга электигин билдиришти. Ал эми 47 үй-бүлө мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдарды жана турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алышып, атайын адистердин эскертмелери берилгендигине карабастан, көчпөй отурушкандыгы белгилүү болду.
Мындай абалды жеринен көргөн министрдин орун басары Нурдин Абдылдаев жана Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев айыл аймактардын башчыларына бул жарандарды тез арада коопсуз жайларга көчүрүү боюнча тиешелүү чараларды көрбөсө, укук коргоо органдарына кайрылып, ошолор аркылуу маселе чечиле тургандыгын эскертишти.