Бүгүн Ош шаарындагы Улуттук драма театрында мэрия 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап, атайын салтанат уюштурат. Бул тууралуу 6-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага түштүк аймагындагы бардык мекемелердин, уюмдардын кызматкерлери, ошондой эле ММКларды жетектеген айымдар чакырылган. Аларды мактоо баракчалары менен сыйлашат.