Бишкекте 3-4-март күндөрү өкмөт өкүлдөрү менен “Центерра” компаниясынын президенти Ян Аткинсон жолугушуп, “Кумтөр” маселеси боюнча консультациялык сүйлөшүү жүрдү. Муну бүгүн, 6-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Анда Канада тарапка “Кумтөр” боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган акыркы токтом тааныштырылды. Тараптар макулдашууну ишке ашыруу үчүн эмнелерди жасоо керектиги боюнча пикир алышты. Тараптар экологиялык маселелерди иликтөө үчүн кыргызстандык адис, эксперттердин катышуусунда жумушчу топ түзүүнү макулдашты.