7-мартта Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлүп, "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу уланат

7-мартта Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электрдин” басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кээ бир райондордо оңдоо иштери жүрөт жана мындан улам саат 09:00дөн 16:00гө чейин (Осмонкул, Древесная, Табачная, Комсомол көлү, Орозбеков, Тоголок Молдо, Матросов, Скрябин, Суванбердиев, Сүйөркулов, Жукеев-Пудовкин көчөлөрү жана Көк-Жар жаңы конушунда) жарык өчөт.

Ошондой эле саат 09:00дөн 17:00гө чейин Арча-Бешикте (Улуу-Тоо, Термечиков, Бердибаев, Чатыр-Көл көчөлөрү), Көк-Жар жаңы конушунда (Ой-Терскен, Кулмурзаев көчөлөрү) "акылдуу" эсептегичтер орнотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан