"Жогорку Кеңеште мыйзамдарга добуш берүүгө себепсиз катышпаган депутаттардын айлыгынан акча кармалууда",- деп билдирди ЖКнын 6-марттагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков. Айтымында, фракция лидерлеринин сунушу менен фракция жыйындарына катышпаган депутаттардын да айлыгынан айып пул алынып жатат.
Мындай сөз бүгүнкү добуш берүү процессинин алдында айтылды.