Евросоюз 6-марттан тарта "каражатты мамлекеттик казынадан уурдап алды" деген шек менен Украинанын президенти Виктор Януковичке, экс-премьери Николай Азаровго жана мурдагы башкы прокурору Виктор Пшонкиге, жеке ишкер Сергей Курченкого жана алардын балдарына, жакын туугандарына өз эсептеринен колдонууга убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул чечим кечээ, 5-мартта Евросоюздун жыйында кабыл алынган. Чечимдин негизинде жогоруда аты аталгандар жана алардын жакындары 12 ай бою өз эсептерин пайдалана алышпайт.