Санкт-Петербургда Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз тил жана маданият борбору ачылат

11-12-мартта Санкт-Петербургдагы Таврическ Ордосунда КМШга мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын имаратында Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын кезексиз жыйыны өтөт.  
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, отурумдун жүрүшүндө маданият борборлорунун ачылышы, анын ичинде Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз тил жана маданият борборунун ачылыш аземи өтөт. 
КМШга мүчө мамлекеттер жана Москва мамлекеттик лингвистикалык университети менен биргеликте жыл сайын ушул сыяктуу иш-чаралар өткөрүлүп келет. Алардын катарында “21-кылымдагы КМШ өлкөлөрүнүн тилинин жана маданиятынын диалогу” аттуу форум жаштар үчүн жыл сайын өтүүчү саамалыкка айланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан