Айыл чарба жана мелиорация министри Таластагы чипсы чыгаруучу заводдун жетекчилигинин ишин сынга алды

Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Талас районунда болду. Анда ал жазгы талаа жумуштарына болгон даярдыктар менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы 6-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, министр Талас шаарындагы картошкадан чипсы жасап чыгаруучу заводдун  абалы менен таанышып чыккан.

Заводду иштетиш үчүн технолог болуш керек. Силер кантип технологу жок заводду ишке киргизип, продукция чыгара баштадыңар? Ишкананын ичи күйүүчү май жыттанып жатат. Мындай сапаттагы продукция менен сырткы эмес, ички рынокко да чыга албайсыңар”,- деди Таалайбек Айдаралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан