Өкмөткө ишеним көрсөтпөй, аны таркатууга 40 депутаттын кол коюп берүүсү жетиштүү. Муну бүгүн, 6-марттагы “Парламент” радиосунун түз байланышында Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев билдирди. “Азыркы өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн 47 депутат кол коюп берген. Бирок кайра айрым депутаттардын колун чакыртып алганы айтылууда. Демилге парламентте колдоо тапса, президентке жиберилет. Өлкө башчы кол койсо же койбой артка кайтарса болот. 3 айдын ичинде парламент бул демилгени кайрадан көтөрүп президентке жиберсе, анда мамлекет жетекчиси кол коюуга мажбур болот”,- дейт депутат.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча 47 депутаттын колу коюлган документ төрагага расмий түрдө тапшырылган эле.