Кыргызстан элинин ассамблеясы Бишкек шаарына Кыргыз тилин үйрөтүү борборун ачты. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Ассамблея кеңешинин башчысы Бектемир Мурзубраимов билдирди.
Анын айтымында, окутуу борбору кыргыз тилин жаңыдан жана тереңдетип үйрөнгүсү келгендер жана ар кандай маданий кечелерди уюштурууну каалагандар үчүн кызмат кылат. Аталган борбордо китепкана да бар.