2014-жылдын февраль айында мамлекеттик органдар, министрликтер жана ведомстволордо 6,3 миллиард сомго каржылоо жүргүзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каражаттардын басымдуу бөлүгү эмгек акыга 1,6 миллиард сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулга 1,2 миллиард сом бөлүнгөн. Ал эми калган каражаттар бюджеттик мекемелердин ишин камсыздай турган чыгымдарга, башка социалдык төлөмдөргө жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалган.