Кыргызстанда 3 жыл окугандын ордуна кыска мөөнөттүк окууну каалагандардын саны көбөйүүдө

КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде кесиптик ыкмаларды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин отуруму өттү. Бул тууралуу 6-мартта аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2011-2014-жылдары техникалык окуу жайларда 1062 адам кызматынан алынып, 10 техникалык лицей өзгөртүлгөн. Мындан тышкары 3 жана 2 жылдык окууга тапшырган окуучулардын саны төмөндөгөнү айтылды.

“2-3 ай кыска мөөнөттүк окууну каалагандардын саны көбөйүүдө”,- дейт Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин башчысы Т.Чолпонкулов. Анын айтымында, 2011-2014-жылдары бюджетте 130 миллион сом үнөмдөлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан