Мамлекеттик Дума Крымды Орусиянын аймагына кошуп алуу маселесин кароого даяр. Муну бүгүн, 6-мартта Орусия парламентиндеги “Адилеттүү Орусия” фракциясынын лидери Сергей Миронов билдиргенин ММКлар жарыялашты.
Миронов бул маселеге тийиштүү мыйзам долбоору буга чейин Мамдумага киргенин, ал Крым үчүн жазылганын билдирди.
Эскерте кетсек, Крым парламенти жогорудагыдай маселе менен Орусия бийлигине кайрылды. Крымдын статусу боюнча референдум 16-мартта өтмөкчү.