АКШ авиабазасынан Кыргызстанга жатакана, спортзал калат

"Манас" аба майданындагы Транзиттик жүк ташуучу борбор чыгарылгандан кийин Кыргызстанга жатакана, спортзал жана бир канча объектилер калат. Мындай маалыматты бүгүн, 6-мартта аталган авиабазанын коомдук байланыш бөлүмүнүн башчысы Макс Диспейн айтты. 
Ал өз сөзүндө "АКШ аскерлери чыгарылгандан кийин Кыргызстандын өкмөтүнө өрт өчүрүү бөлүмүнүн жаңы салынган имараты, 2 ашкана, спортзал бардык спорттук шаймандары менен, 6 чатыр, ар бири 100 адамга ылайыкташкан 20 жатакана эмеректери менен калат" деп билдирди.

Эске салсак, аталган объект Кыргызстанда 2001-жылдын декабрь айында Питер Ганси атындагы борбор деп ачылган. 2009-жылы бул мекеменин аты “Манас” транзиттик жүк ташуучу борбору деп өзгөртүлгөн.

Аталган борбор ушул жылдын июль айынын ортосунда Кыргызстандан чыгарылат. Буга чейин маалымдалгандай, борбордун бир бөлүгү Румыниядагы базага көчүрүлсө, калганы Кошмо Штаттарга ташылып кетмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан