Крымдын кайрылуусу боюнча Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен чукул жыйын өткөрдү

Крым парламентинин кайрылуусу боюнча президент Владимир Путин Орусиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен чукул жыйын өткөрдү.

Муну бүгүн, 6-мартта “Интерфакс” жарыялады.

Айта кетсек, бүгүн Крым парламенти Орусия бийлигине кайрылуу жолдоп, анда Крымды Орусиянын курамына кошуп алуу маселесин кароону сунуштаган эле. Чукул жыйындын жыйынтыгы боюнча расмий маалымат бериле элек. Жыйынга Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Мамлекеттик Думанын төрагасы Сергей Нарышкин жана башка жетекчилер катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан