Жогорку Кеңештин 6-марттагы жыйынында депутат Надира Нарматова ("Ата Журт" фракциясы) вице-спикер болуп шайланды. Ага 56 депутат “макул”, 33 депутат “каршы” деп добуш берди. Нарматова “8-Марттын алдында жалпы аялдарга чоң белек тартуу кылганыңар үчүн рахмат. Өлкөнү алдыга жылдыруу үчүн бардык күчүмдү жумшап иштеп берем” деди. Аны төрага Асылбек Жээнбеков куттуктап, ишине ийгилик каалады.
Буга чейин аталган фракциядан вице-спикер болуп экс-депутат Талант Мамытов (К.Ташиев, С.Жапаров менен кошо мандатынан ажыратылган) иштеп келген.