Жогорку Кеңештин 6-марттагы жыйынында депутаттар пенсиянын берилбей кечиктирилип жатышына пенсионерлер нааразы экенин айтып чыгышты. Депутат Данияр Тербишалиев “Ысык-Көл облусунан мага он чакты аксакал телефон чалды. Пенсиялары берилбей кечиге берсе, митингге чыга турганын айтышууда” деп билдирди.
Социалдык фонддун төрагасы Мухаметкалый Абылгазиев пенсиялар 10-мартка чейин толук бериле турганын айтты.