Бүгүн, 6-мартта Бишкек мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы
Замир Абылаев мэриянын атынан ардагер апаларды, согушта курман болгон жоокерлердин жесирлерин 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап, аларга 1000 сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага 200 айым чакырылды. Келген конокторго ыр-бийлер тартууланды.