Маалыматка ылайык, макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана КРнын мыйзамдарына шайкеш келет.
“Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө» мыйзамдын 6, 7-беренелерине ылайык, Кредиттик макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери (Бюджет жана каржы боюнча комитет, Эл аралык иштер боюнча комитет, Агрардык саясат боюнча комитет) тарабынан жактырылган.
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-майындагы №189-б буйругу менен жактырылган.
“Кант шаарындагы суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорун каржылоонун жалпы суммасы 6 миллион 500 миң (6 500 000) еврону түзөт.
Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 1 миллион 500 миң (1 500 000) еврого эквиваленттүү сумманы насыя катары берет.
Кредит 15 жылга, анын ичинде 3 жылдык жеңилдетилген мезгилге, Euribor+1,0% пайыздык коюму менен (өзгөрүлмө коюмду эске алып) берилет. Мындан тышкары Кредиттик макулдашуунун шарттары боюнча, Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынган кредиттик каражаттар Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын жана кредиттик каражаттарды кайтарып берүү менен байланышкан тобокелдиктерди эске алуу менен Кант шаарынын мэриясына кайра кредитке берилет.
Акча каражаттарынын калган бөлүгү Швейцариянын Экономикалык байланыштар боюнча мамлекеттик катчылыгы (SECO) тарабынан 3 миллион 600 миң (3 600 000) еврого эквиваленттүү суммада грант катары жана 1 миллион 400 миң (1 400 000) еврого эквиваленттүү суммада техникалык жардам үчүн грант түрүндө бөлүнөт.
Долбоордун аткаруучу агенттиги Кант шаарынын мэриясы, кошо аткаруучусу «Маркетинг сервис» ЖЧК (Кант шаарынын мэриясы менен түзүлгөн, ижара келишиминин негизинде Кант шаарында суу менен жабдуу жана канализация боюнча кызмат көрсөтүүчү эксплуатациялоо уюму) болот.