Жогорку Кеңеште бүгүн, 6-мартта Социалдык фонддун 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалымат угулуп, ал тууралуу мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Соцфонддун төрагасы Мухаметкалый Абылгазиевдин айтымында, мекеменин 2012-жылдагы жалпы кирешеси 33 миллиард 907 миллион 786 миң сом болгон. Анын ичинде камсыздоо төлөмүнөн 18 миллиард 793 миллион 316 миң сом түшкөн. 2012-жылы эки жолу пенсия көлөмү көтөрүлүп, анын орточо көлөмү 3760 сомдон 4192 сомго чейин жогорулаган. Соцфонддун 2012-жылдагы бюджети 45 миллион 344 миң сом ашыкча каражат менен кабыл алынса, жыл жыйынтыгында ал 1 миллиард 107 миллион 395 миң сомго чейин жеткен.
Талкуу жүрүшүндө депутаттар Соцфонддун негизги көрсөткүчтөрү жакшы экени белгилеп, пенсия өлчөмүн жок дегенде жылына эки жолу көтөрүп туруу, борбордук аппараттын чыгымдарын азайтуу сунуштары берилди.