Коргоо кеңешинин жумушчу тобу диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жарандарды бирге иштешүүгө чакырды. Бул тууралуу 6-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
2014-жылдын 20-февралында Коргоо кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусовдун жетекчилиги алдында болуп өткөн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун биринчи отурумунун чечиминин негизинде төрт жумушчу топчо түзүлгөн.
Алар:
- 2014-2020-жылдары Кыргыз Республикасындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын иштеп чыгуу;
- өз ишмердүүлүгүндө диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жөнгө салуу милдеттенмелери бар мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө функционалдык анализ жүргүзүү;
- диний чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүү жана оптималдаштыруу.
Коргоо кеңешинин чечимине ылайык, ар бир топчолордун курамына мамлекеттик органдардын, диний уюмдардын, көз карандысыз уюмдардын өкүлдөрү киришти.
Жумушчу топтун маалыматтарына ылайык, азыркы учурда ар бир топчо отурумдарды үзгүлтүксүз өткөрүүдө жана документтердин долбоорлорунун түзүлүштөрүн, мазмундарын талкуулашууда.
Коргоо кеңешинин жумушчу тобу бул маселеге кызыкдар болгон жарандар, эксперттер, диний уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү өзүлөрүнүн сунуштарын gkdr1996@gmail.com электрондук почтасына жиберүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин эске салат.