Орусиянын коргоо министри
Сергей Шойгу Украинадагы оор кырдаалга байланыштуу Орусия КМШ өлкөлөрүндө жайгашкан бир катар аскер базаларын чыңдай баштаганын билдирди. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Коргоо министри Беларустагы авиабазада тез учуучу учактар былтыркы жылдан тарта аскердик нөөмөттө иштей баштаганын жана бул жылы ал жакта полк түзүлөрүн айткан. Ал эми Тажикстандагы аскердик база бригададан дивизиялык курамга өткөнүн белгиледи. Булардын катарында Орусиянын Кыргызстандагы, Канттагы авиабазасы да бар. Учурда Кант шаарындагы Орусиянын аскердик базасына кошумча күчтөр, анын ичинде тик учактар, десанттар жайгаштырылды. Эскерте кетсек, Орусия Кант авиабазасын 49 жылга ижарага алган.