Бишкек шаарынын айрым аймактарында жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу “Кыргызгаз” ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, Төмөнкү Ала-Арча, Пригородное, Маевка, Новопавловка, Ала-Тоо айылдарында жана П.Лумумба көчөсүндөгү аскердик бөлүктө газ өчүрүлөт. Жер алдындагы газ түтүкчөсүндө жаратылыш газынын сызылып чыгуусун жоюуга байланыштуу аталган аймактарда газ 11-марттан 18-мартка чейин токтотулат.