Ош облусунун Алай районунда 8-Март - Аялдардын Эл аралык майрамы белгиленди. Бул тууралуу райадминистрациянын басма сөз катчысы Кыялбек Мажитов билдирди.
Майрамдык салтанат райондогу Маданият үйүндө өтүп, ага райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Т.Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Ж.Турдумаматов катышты.
Иш-чарада видеоролик күрсөтүлүп, Ардак грамоталар тапшырылып, баалуу белектер берилди. Андан сырткары райондо биринчи жолу «Алайдын кырк кызы» номинациясы райондогу алдынкы 40 аялга ыйгарылып, алар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Майрам райондук маданият бөлүмүнүн өнөрпоздорунун концерттик программасы менен коштолду.