Жогорку Рада Крым парламентин таркатканы жатат

Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов Жогорку Рада Крым парламентин таратуу маселесин караганы жатканын билдирди. Муну 6-мартта чет элдик маалымат булактары жарыялашты.

“Жогорку Рада Крым Автономдук Республикасынын парламентин таратууну демилгелейт. Биз өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн коргойбуз”,- дейт Турчинов.

Крымдын Орусиянын аймагына кошулуу боюнча Крым парламентинин чечимин жокко чыгарганын айткан президенттин милдетин аткаруучу Украинанын чек ара жана аймактарды өзгөртүү маселеси жалпы украиналык референдум менен чечилиши керектигин билдирет.

Крымда 10 күндөн кийин өтүүчү референдум боюнча: “Референдум болбойт. Бул Орусиянын аскерлери уюштурган мамлекетке каршы кылмыш”,- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан