Оштогу аксакалдар төрага Асылбек Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 7-мартта билдирди.
Урматтуу Асылбек Шарипович!
Ош шаарында жашаган эмгектин ардагерлери, өлкөбүздүн учурдагы социалдык-экономикалык, коомдук-саясий абалына кайдыгер карай албай турган Кыргыз Республикасынын атуулдары Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун акыркы учурдагы мыйзамсыз аракеттерине тынчсыздануубузду билдиребиз.
Депутат – мамлекетибиздин тагдыры, келечеги үчүн түздөн-түз жоопкер болгон адам өнүгүү жолуна багыт алган өлкөбүздүн экономикасындагы, социалдык-маданий чөйрөдөгү алгылыктуу аракеттерге, улуттар аралык ынтымакты чыңдоодогу жетишкендиктерге карабастан, кандай жол менен болбосун, эптеп эле бийликке жетүүнү ойлогон бир топ санаалаштары менен биригип алып, коомдук-саясий кырдаалды курчутууга аракеттенип жатат.
Мамлекетте тынчтык болбосо, элде ынтымак болбосо, аягы кандай кесепеттерге алып барарын Украинадагы окуялар көрсөттү. Биз, улуу муундун өкүлдөрү, өз кезегинде баш аламандыктардын кесепетин өз көзүбүз менен көрүп, азабын тарткан инсандар мындай окуялар эмнеге алып келерин жакшы билебиз. Же бизге 2005, 2010-жылдардагы окуялар аздык кылабы? Р.Жээнбековго окшогон топ бузарлардын айынан кырчын өмүрлөрдүн кыйылгандыгын кантип унутабыз?
Жогорудагылардын негизинде, Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирдикте шайлоочулардын ишеним мандатын актай албаган, тескерисинче, коомчулукту дүрбөтүп, өлкөбүздүн стабилдүүлүгүнө доо кетирүүгө аракеттенип жаткан Р.Жээнбековго, анын парламенттеги санаалаштарына карата укуктук баа берүүнү суранабыз.
Ал эми өздөрүн «акылдуумун» деп ойлогон саясатчы сөрөйлөргө «эсиң барда этегиңди жап» деген элдик акылды эсине салып, бизге тынчтык, ынтымак керек экенин, чектен чыккандарды ийге келтирүүгө мамлекетибиздин кудурети жетерин эскертип кетебиз.
Ошондой эле өлкөбүздүн мекенчил атуулдарын коомдогу буга окшогон ээнбаштарга каршы бирге турууга, жаштарга туура кеңеш, багыт берүүгө чакырабыз.
А.Т.Тажибаев - Мамлекеттик жана коомдук ишмер, ардагерлердин Ош облустук кеңешинин төрагасы;
А.С.Сапарбаев - Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын облустук жана шаардык бөлүмүнүн башчысы;
Р.З.Зулпуев - Ардагерлердин Ош облустук кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу;
Э.К.Касмалиев - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу.